29-июлда Чүй облусунда эки үй-бүлөөдө 3 эм төрөлдү. Бул тууралуу Чүй облустук мамлекеттик администрациядан билдиришти.
Маалыматка караганда, 26 жаштагы Ырыс Шаршееванын жана балдарынын абалы жакшы. Бүгүн алар төрөт үйүнөн үйгө чыгарылды.
Мындан сырткары 40 жаштагы Олеса Томилова дагы 3 эмдин энеси болду. Алардын абалы дагы дурус.
Эки үй-бүлөөгө тең Чүй облусунун губернаторунун атынан материалдык жардам берилди.

