18:43
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Чым-Коргондогу психиатриялык ооруканадан качып кеткен бейтап кармалды

Чым-Коргондогу психиатриялык ооруканадан качып кеткен бейтап кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 1999-жылы туулган Азамат Токушевди мурунку дарыланып жаткан ооруканага өткөрүп беришти.

Эске салсак, бейтап 26-июлда саат 22:00 чамасында аталган ооруканадан качып кеткен. Ал 2018-жылы Сокулук райондук сотунун чечими менен Чым-Коргондогу психиатриялык ооруканага милдеттүү дарылануу үчүн жиберилген.

Эң көп окулган жаңылыктар