09:50
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Ысык-Көлдөгү мечиттен сүннөткө отургузулган бала ооруканага түшкөн

Ысык-Көл облусуна караштуу Жети-Өгүз районунун ооруканасына 9 жаштагы бала сүннөткө отургузулгандан кийин шок абалда келип түштү. Бул тууралуу райондук оорукананын жетекчиси Канат Жумадылов 24.kg агенттигине айтты.

Баланы мечиттен сүннөткө отургузушкан.

Анын айтымында, баланы ата-энеси алып келген. «Бала шок абалда болгон. Антисептика жана асептика сакталган эмес. Ага наркоз берип, канап жаткан жерин кайра тигип, тазалоо иштерин жүргүздүк. Бала үйүнө чыгарылды», — деди ал.

Оорукана жетекчиси мечиттен балдарды отургузууга жол бербөө керектигин кошумчалады.

«Кан аркылуу ар кандай оорулар жугуп калышы мүмкүн. Эң коркунучтуу гепатит илдети жайылат», — деди ал.

Эң көп окулган жаңылыктар