16:03
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Салыкчылар планды 3 миллиард сомго аз аткарды

2019-жылдын биринчи жарым жылдыгында республикалык бюджетке 46 миллиард 943 миллион сом 200 миң сом салык киреше түштү. Бул тууралуу маалымат жыйында Борбордук казыначылыктын директору Марлен Амандыков билдирди.

Анын айтымында, былтыркыга караганда салык кирешелеринин көлөмү 2 млрд 384 млн сомго азайган

«Салык кызматынан 28 млрд 509,9 млн сом келип түшүп, план 94,4%га аткарылган. 1 млрд 695,1 млн сом чогулбай калган. Бажы кызматынан 18 млрд 433,2 млн сом келип түшүп, план 90,7% аткарылган. 1 млрд 891,2 млн сом жыйналбай калган», — деди ал.

Амандыков белгилегендей, салыктык эмес киреше 12 млрд 348,6 млн сомду түзгөн.

«Бул жылдын биринчи жарым жылдыгында жалпы 63 млрд 391 млн 900 миң сомдук киреше жана жалпы 64 млрд 492 млн 200 миң сомдук чыгашаны эсепке алганда республикалык бюджет 1 млрд 100 млн 300 миң сом таңкыстык менен аткарылды», — деди ал.

Эң көп окулган жаңылыктар