Президент Сооронбай Жээнбековдун сүрөтү менен «ойногон» мэрия кызматкерлери иштен алынбайт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.
Алардын маалыматында, өлкө башчысынын аппаратынан муниципалдык чиновниктерди кызматтан албоо өтүнүчү айтылды. Алар менен түшүндүрүү иши жүргүзүлдү.
Эскерте кетсек, кечээ социалдык тармакка Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык ишканасынын кызматкерлери президенттин сүрөтү менен тап берип ойноп жаткан сүрөтү жарыялаган.