07:08
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Апрель баатырлары Молдомуса Конгантиевдин акталышына каршы митинг өткөрүүдө

Апрель баатырлары Бишкектин Биринчи май райондук сотунун алдына митингге чыгышты. Алар мурдакы ички иштер министри Молдомуса Конгантиевдин акталышына каршы пикирин билдиришүүдө.

20га жакын киши Молдомуса Конгантиевди актоо өкүмүн жокко чыгарууну талап кылышууда. Алар бул боюнча жогорку соттук инстанцияга кайрылышмакчы.

Эскерте кетсек, 2010-жылы ИИМди жетектеген Молдомуса Конгантиев 5-июль күнү акталган. Прокуратура аны айыптуу деп таап, алты жылга эркинен ажыратып, 100 миң сом айып салууну талап кылган. ИИМдин мурунку башчысына карата 2010-жылдын апрель окуяларында кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланды деген айып тагылган. 7-апрелде ал Кыргызстандан чыгып кеткен. Бирок, көп өтпөй Орусиянын федералдык коопсуздук кызматы тарабынан кармалып, Бишкекке экстрадицияланган.

Эң көп окулган жаңылыктар