USD87.45EUR97.88RUB1.03
24.kg

Университеттердеги IT-адистигине гранттык орундар көбөйтүлдү

14:29, 02 июля 2019, Бишкек - 24.kg

Жогорку окуу жайлардагы IT-адистигине гранттык орундар көбөйтүлдү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирет.

ЖОЖдордо гранттык негизде билим алуучуларды кабыл алуунун көлөмү жана адистиктердин тизмеси бекитилди. Ага ылайык 2019-2020-окуу жылына 5 миң 705 мамлекеттик билим берүү гранты берилип, анын 4 миң 903 оруну Билим берүү жана илим министрлигине караган жогорку окуу жайларына бөлүндү. Калган гранттык орундар мамлекеттик органдарынын ведомстволук окуу жайларына берилди.

«Суроо-талаптын өсүшүнө байланыштуу компьютердик технологиялар тармагындагы кесиптерге гранттык негизде окутуунун саны көбөйдү», — дейт өкмөт.

Ошондой эле жалпы гранттык орундардын 316 магистрдик тармакка бөлүү сунушталды. Дагы 405 гранттык орун чет өлкөдө жашаган этникалык кыргыздарга, I жана II топтогу мүмкүнчүлү чектелген жарандарга, жетим балдарга жана иштеп жаткан өкмөттөр аралык келишимдер боюнча милдеттенмелерди аткарууга каралган.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика