23:23
USD 88.34
EUR 95.27
RUB 0.96

Тарых музейин оңдоо. Сот процессин Өмүрбек Текебаевди отургузган судья жетектейт

Чолпон-Атадагы ат майданды жана Тарых музейин калыбына келтирүү тууралуу иш сотко өттү. Сотто Айбек Эрнис уулу төрагалык кылат. Эске салсак, ал 2017-жылы «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен ӨКМнын мурунку башчысы Дүйшөнкул Чотоновго карата өкүм чыгарган.

Мурунку өкмөт башчы Сапар Исаковдун жактоочусу Нурбек Токтакуновдун 24.kg агенттигине берген маалыматына ылайык, Айбек Эрнис уулу чыгарган токтомго карата даттанды. Токтомдо иштин материалынан бир канча далилдерди алып салуу айтылат.

«Кеп Соода-өндүрүштүк палатасынын экспертизасынын актысы тууралуу болуп жатат. Кайсыл бир эксперт бир канча соода жайларынын реализаторлорунан Тарых музейине колдонулган товарга окшош товарлардын баасын оозеки түрдөсураптыр. Соода-өндүрүштүк палатасы тууралуу мыйзамда жана уставда палата товарлардын сапаты, саны жана бүтүндүгү боюнча гана экспертиза жүргүзө алат деп жазылат. Базар баасынын деңгээлин аныктоо алардын компетенциясына кирбейт. Мындан сырткары экспертиза тергөөчү тапшырма бергенге чейин жарым жыл мурда жасалган», -деди жактоочу.

Айтымында, бул орой катачылык. Мындан улам ал соттун чечимине доо арыз берди.

Эске салсак, Улуттук тарых музейин оңдоо боюнча Сапар Исаков, Мира Карыбаева, Алмазбек Абдыкаров, Айдарбек Мендеев, Улукбек Матисаков жана Шайбек Атабековго «Жемкорлук» беренеси менен айып тагылган. Кийин Тарых музейи менен Чолпон-Атадагы ипподромду оңдоо иштери бириктирилген. 

Эң көп окулган жаңылыктар