Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунун Ырыс айыл аймагында ири аянттагы чөп өрттөндү. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка караганда, ачык аянттагы 1 гектардагы буудай жана 6 гектардагы куураган чөп күйүп кетти.
Ошондой эле, Таш-Бака тилкесинде дагы 2,5 гектар аянттагы куураган чөп күйдү.