04:24
USD 87.45
EUR 101.53
RUB 1.12

Судья Кубанычбек Касымбековго карата кылмыш иши токтотулду

Ленин райондук сотунун төрагасы Кубанычбек Касымбековго карата кылмыш иши токтотулду. Бул тууралуу 24.kg агенттигине жеке булак билдирди.

Маалыматка караганда, иш кылмыштын курамында жок болгондуктан токтотулду.

Буга чейин «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» жана «Атайын адилетсиз өкүм чыгаруу» беренелери боюнча кылмыш иши козголгон.

Эске салсак, Кубанычбек Касымбеков кылмыш ишке тийиштиги бар деп айыпталып жаткан. 2015-жылы Жалал-Абад облусуна караштуу Чек айыл аймагынын башчысын жана Атабек айылдык кеңешинин депутатын ишенип берилген мүлктү таратып салды деп айыпташкан. Кийин кылмыш ишти токтотушкан, бирок буга карабай Кубанычбек Касымбеков Сузак райондук сотунда судья болуп иштеп жүргөндө айыптоочу өкүм чыгарган.

Эң көп окулган жаңылыктар