Бишкекте жол кырсыгынан 2 киши жабыркады. Бул тууралуу 24.kg агенттигине ЖКККББдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Subaru Forester үлгүсүндөгү унаа Москва көчөсүнөн бара жатып, Эркиндик бульварына жеткенде Honda Jazz унаасы менен сүзүшкөн. Кесепетинен 2 жабырлануучу ооруканага кайрылышты.
Унаалар айып төлөөчү жайга киргизилди.