17:17
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Монголия Кыргызстан менен ар кыл тармакта тажрыйба алмашууга даяр

Монголия президенти Халтмаагийн Баттулга бүгүн кеңири курамдагы эки тараптуу жолугушуунун жүрүшүндө, президент Сооронбай Жээнбековду Монголияга расмий визит менен келүүгө чакырды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Монголия президенти белгилегендей, бүгүнкү күндө өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу мамилелерди жаңы деңгээлде өнүктүрүү боюнча активдүү чаралар көрүлүүдө. Ал жолугушуулардын активдешкенин жана Кыргызстан менен Монголия ортосундагы сүйлөшүүлөр жогорку деңгээлге чыкканын канааттануу менен баса белгиледи.

«Саясий мамилелердин өнүгүүсү башка чөйрөдөгү өнүгүүгө дагы жагымдуу таасирин тийгизет. Биринчи кезекте биз соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө өзгөчө маани беришибиз керек», — деп баса белгиледи Халтмаагийн Баттулга.

Монголия Президенти айыл чарба, ветеринария, маданий-гуманитардык байланыштарды бекмдөө, темир жол инфраструктурасын өнүктүрүү, саламаттыкты сактоо, финансы жана башка тармактарда кызматташтыкты активдештирүү жана тажрыйба алмашууга даяр экендигин билдирди.

Мындан тышкары, Халтмаагийн Баттулга туризм чөйрөсүндө кызматташтыкты өнүктүрүү жана Ысык-Көл жана Хяргас-Нуур көлүнө биргелешкен маршрутту иштеп чыгууну сунуштады.

Эң көп окулган жаңылыктар