11:58
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Мыйзамсыз ташылып келген 2 вагон күйүүчү-майлоочу май аныкталды

«Кант» темир жолу станциясынын аймагынан мыйзамсыз ташылып келген 2 вагон күйүүчү-майлоочу май табылды. Бул тууралуу УКМКнын коррупцияга каршы күрөшүү боюнча кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, буга чейин Казакстандан Кыргызстанга темир жол аркылуу мыйзамсыз күйүүчү май ташып келүү фактыларынын бети ачылган. Аталган аймактан 120 тонна күйүүчү-майлоочу май аныкталган.

«Бул жол Кыргызстанга 2 миң тонна күйүүчү майды мыйзамсыз ташып келишкен. Тергөө уланууда», -деп жазылат маалыматта.

Эң көп окулган жаңылыктар