11:15
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Улуттук банктын «Росинбанктагы» үлүшү 95 пайызга көбөйдү

Ушу тапта Кыргызстанда 25 коммерциялык банк бар, алардын арасында 2-3 банк мүмкүнчүлүгү жоктугуна байланыштуу, Улуттук банктын капиталдаштыруу талабы боюнча милдеттенмелерин аткара албайт. Бул тууралуу Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинде Улуттук банктын 2018-жылдын иши жөнүндө маалымат угулуп жатканда билдирди.

Айтымында, банктын капиталын 600 миллион сомго чейин көтөрө албаса, анда банк микрокаржы компаниясына өтүшү керек.

Депутат Таалайбек Масабиров адегенде Улуттук банктын карамагына алынып, андан кийин өз алдынча кое берилген «Росинбанктын»  абалына кызыкты.

Улуттук банктын төрагасынын айтымында, банктын капиталы эки эсе көбөйтүлүп, азыркы учурда 4 миллиард 550 миллион сомго чейин жеткенин билдирди. «Ошону менен бирге, Улуттук банктын «Росинбанктагы» үлүшү да 85 пайыздан 95 пайызга чейин көбөйтүлдү. Анын каржы раногунда башка банктарга жолтоо болбошу үчүн биз аны ипотека менен курулуш тармагын тейлөө кызматына койдук. Ал азыр Мамлекеттик ипотекалык компаниядай эле 6 пайыздуу үстөк менен насыя каражаттарын бере баштады», — деди ал.

Эң көп окулган жаңылыктар