16:27
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Ошто 2 баланы ит тиштеп, алар ооруканага түштү

Ош шаарында 2 баланы ит тиштеп, алар ооруканага түштү. Бул тууралуу Ош облустук бириккен клиникалык балдар ооруканасынан билдиришти.

Окуя 29-майда катталган.

Маалыматка ылайык, ооруканага түшкөн балдар жарамазан айтып жүрүшкөн.

«Учурда балдардын абалы жакшы. Кутурма оорусуна каршы эмдөөдөн өтүшкөн. Ал эми балдарды тиштеген иттин кутурма же кутурма эмес экендиги боюнча жыйынтык али чыга элек», -деп билдиришти ооруканадан.


Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума