06:28
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Талас районундагы жол кырсыгында 10 киши жабыркады

Талас районундагы жол кырсыгында 10 киши ар кандай жаракаттарды алды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Жол кырсыгы 2-июнда саат 22:25 чамасында Суусамыр-Талас-Тараз унаа жолунун 59-чакырымында болгон.

Маалыматка ылайык, «Ауди-С4» үлгүсүндөгү унаа менен «Хонда-Одиссей» үлгүсүндөгү унаа сүзүшкөн. Кесепетинен 10 киши ар кандай жеңил жаракаттарды алышкан. Алар облустук жана Чат-Базар айылындагы ооруканага жаткырылган.

Эң көп окулган жаңылыктар