11:37
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Бишкекте 2 троллейбустун каттамы убактылуу өзгөрдү

Жайыл Баатыр көчөсүндө оңдоо-түзөө иштери болгондугуна байланыштуу, троллейбустар 1-июндан тарта башка каттам менен жүрө баштайт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан маалымдашты.

Билдирүүгө ылайык, № 5 троллейбустук каттам «Тунгуч» кичи району- Ажыбек Баатыр көчөсү боюнча «Аэрофлот», ал эми № 14 маршрут «Киркомстром» — «Аэрофлот» агенттиги аркылуу жүрөт.

Эске салсак, 15 июнга чейин оңдоо иштерине байланыштуу Жайыл Баатыр көчөсүнүн Тыналиевден Дооронбек Садырбаев көчөсүнө чейинки бөлүгү жабык болот.

Эң көп окулган жаңылыктар