Депутат Ирина Карамушкина Эдил Байсаловду кандай негизде Улуу Британияга жана Түндүк Ирландияга элчи кылып жөнөтүп жатканына түшүнбөйт.
Анын айтымында, талапкер абдан таанымал киши. Ал 2010-жылы апрель окуясынан кийин өкмөттө кызмат ээлеген. Бирок, Эдил Байсаловдун тиешелүү тажрыйбасы жана билими жок.
ТИМдин өкүлдөрү президент Сооронбай Жээнбековдун сунушу ушундай болду деп айтышты. Депутат Максат Сабиров «андапрезиденттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмү элчилердин талапкерлигин аныктасын», -деди. Жыйынтыгында Максат Сабиров менен Ирина Карамушкина Эдил Байсаловдун талапкерлигин колдошкон жок. Ал эми Беларусияга элчи боло турган талапкер Эрмек Ибраимовду депутаттардын баары бир добуштан колдоп беришти.