Бүгүн саат 10дон кечки саат 6га чейин «Тунгуч» кичи районунда жана «Рухий-мурас» жаңы конушунда ичүүчү таза суу токтойт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, «Сельский» суу тосмосунда оңдоо иштери жүргүзүлмөкчү.
Мэрия шаар тургундарына суунун запасын мол камдап алууну эскертет.