Жогорку Кеңештин депутаты Махабат Мавлянова Бишкек шаарынын мэринин кеңешчиси Гуля Алманбетованын ага сөгүнүп жооп бергени үчүн жумуштан алынышына каршы. Бул тууралуу эл өкүлү парламенттин маалымат кызматына билдирди.
Эскерте кетсек, Махабат Мавлянова кечээ социалдык тармактагы баракчасы аркылуу кыздарды өтө ачык үлпөт көйнөк кийбөөгө чакырган. Ага Гуля Алманбетова сөгүнүп жооп берген. Бүгүн мэрия кеңешчиси үчүн кечирим сурады.