18:32
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Кыргыз-тажик чек арасында сарайдын айынан ызы-чуу чыга жаздады

Баткен районунун Карабак айылындагы Эски-Мазар аймагында жергиликтүү тургундар менен тажик чек арачылары айтыша кеткен. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти. 

Маалым болгондой, сарайдын сынган эшигин оңдоого болгон аракет учурунда пикир келишпестиктер жаралган. Белгисиз бирөөлөр кыргызстандыктардын шаймандары сакталган сарайдын эшигин талкалап кеткен. Имарат Тажикстандын чек арасына 5-6 метр жакын жерде жайгашкан.

"Сарайдын эшигин оңдоого аракет кылып жаткан кыргызстандыктарга тажик чек арачылары тоскоолдук жаратышкан. Окуя болгон жерге кыргызстандык чек арачылар келип, тажик чек арачылары менен сүйлөшкөн. Жыйынтыгында алар жергиликтүү элдин талабына көнгөн",- деп жазылат билдирүүдө.

 


Эң көп окулган жаңылыктар