07:21
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Ташкенттен Балыкчыга поезд 6-июндан баштап ишке кирет

6-июндан тарта сезондук негизде «Ташкент — Бишкек — Балыкчы» каттамы боюнча жүргүнчү ташуучу поезддер каттай баштайт. Бул тууралуу «Өзбекстан темир жолдору» компаниясынын басма сөз кызматы кабарлады.

Бейшемби сайын Ташкенттин Борбордук темир жол бекетинен чыга турган поезд Казакстандын аймагы аркылуу өтүп, жума күнү кечинде Балыкчыга жетет. Ишембиде кайра артка кайткан поезд Ташкентке жекшемби күнү таңкы саат беште барат.

«Өзбекстан темир жолдорунан» кабарлашкандай, плацкарттык вагондордо жүрүүнүн баасы 35 доллар, купе вагондордо 48 доллар жана люкс вагондордо 94 долларды түзөт

Эң көп окулган жаңылыктар