07:24
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Жайкы сезонго карата Польшадан алгачкы туристтер келишти

«Манас» эл аралык аба майданында жайкы сезонго карата Польшадан келген алгачкы туристтерди тосуп алуу иш-чарасы өттү. 

Туристтерди Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов өзү тосуп алды.

Келген меймандарга «туристтердин картасы» тапшырылды. Аталган картанын жардамы менен өлкөнүн кооз тарыхый жерлери тууралуу маалыматтарды ала алышат. Ошондой эле мейманканалар, тамактануучу жайлар, музейлер, тейлөө тармактары тууралуу маалыматтарга ээ боло алышат.

Эң көп окулган жаңылыктар