13:06
USD 87.45
EUR 101.53
RUB 1.12

ӨКМ: Ош жана Жалал-Абаддын тоолуу райондорунда сел жүрүшү мүмкүн

Бүгүн Кыргызстандын аймагында туруксуз аба ырайы күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү ыктымал.

Бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, өрөөндөрүндө жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда 15-20 метрге чейин жетиши күтүлөт. Ош жана Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

Эң көп окулган жаңылыктар