Бүгүн Ош шаарынын Пахта көчөсүндө жайгашкан № 11,13,15 турак үйлөрдөн чыккан өрт саат 15:55те толук өчүрүлдү. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Өрттүн кесепетинен 3 турак үйдүн болжол менен 250 чарчы метр чатыры, бөлмөлөрдүн шыбы күйгөн.
Өрттүн кесепетинен каза болгондор жана жабыркагандар катталган жок.