16:11
USD 89.12
EUR 94.98
RUB 0.95

Жеңиш күнүндө борбор калаада бир катар иш-чара уюштурулат. Тизме

9-май- Жеңиш күнүндө борбор калаада бир катар иш-чара уюштурулат. Бишкек мэриясынан билдиришкендей, Жеңиш күнүн майрамдоо 4 блокко бөлүнгөн. 

Саат 10до Түштүк дарбазадан «Өлбөс полк» жөө жүрүшү башталат. Катышуучулар саат 9да Масалиев менен Байтик Баатыр көчөлөрүнүн кесилишинен саат 9да чогулушат. Колонна Байтик Баатыр/Абдрахманов жана Фрунзе көчөлөрү менен Жеңиш аянтына басып келишет. Жүрүш маалында үйлөмө аспаптар оркестри, музыкалык жана бий коллективдери коштоп турмакчы. 

Мэриядан кабарлашкандай, жүрүш маалында Абдрахманов/Байтик Баатыр көчөсү (Масалиевден Фрунзеге чейин) жабылат. Коомдук унаалардын каттамдары дагы өзгөрөт.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдиргендей, майрамдык иш-чарада Шопоков жана Фрунзе көчөлөрүнүн бир бөлүгү жабык болот. 

Жеңиш аянтында саат 10до Өчпөс отко гүлчамбар коюлуп, митинг-реквием өтөт. Ага президент Сооронбай Жээнбеков катышат.

Саат 11де согуш жылдарындагы ырлары менен шаардык музыкалык топтор элге өнөрлөрүн тартуулашат. Ошондой эле салттуу аскер боткосу таратылат. 

Саат кечки 7де майрамдык концерт башталат. Саат 22:00дө майрамдык фейерверк атылат.

Эң көп окулган жаңылыктар