13:47
USD 87.43
EUR 102.72
RUB 1.16

Ош-Араван жолунда эки жеңил унаа сүзүшүп, 3 киши каза болду

Ош-Араван жолунда эки жеңил унаа сүзүшүп, 3 киши каза болду. Бул тууралуу Ош шаардык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, дагы 4 адам ооруканага жеткирилди.

«Тойота Ипсум үлгүсүндөгү унаа каршы тилкеге чыга калып, Жигули унаасы менен сүзүшкөн. Кесепетинен Жигули унаасынын айдоочусу, жанында отурган жүргүнчүсү жана 2 айлык наристе каза болгон», -деп билдиришти башкармалыктан.


Эң көп окулган жаңылыктар