17:34
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

ӨКМ: Чүй облусунда былтыр 9 жаш бала сууга чөккөн

Чүй облусунда былтыр 9 жаш бала сууга чөккөн. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Учурда жайкы мезгилге карата ӨКМ Чүй облусунда сууга түшүү эрежелери боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө.

Аталган түзүмдүн маалыматына караганда, 2018-жылы сууга чөгүү боюнча 38 факт катталган. Алардын ичинен 23 адам эркек, алтоо аял жана тогузу жаш балдар болгон.

«Чүй облусунун аймагындагы суу объектилерине инвентаризация жүргүзүлгөн. Жыйынтыгында 399 суу объект аныкталып, анын ичинен 22 объект сууга түшүүгө ыңгайлаштырылганы белгилүү болгон», -деп билдиришти ӨКМдан.

Эң көп окулган жаңылыктар