08:21
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Баш калаада жол тандабас менен жеңил унаа сүзүшүп, бири оодарылып кетти

Бишкек шаарында «Тойота Ланд Крузер Прада» үлгүсүндөгү жол тандабас менен «Дэу Матиз» жеңил унаасы сүзүшүп, бири оодарылып кетти. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.

Окуя бүгүн саат 10:45те Фрунзе жана Үмөталиев көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.

«Жол тандабас Фрунзе көчөсү менен батышты көздөй бара жаткан учурда Үмөталиев көчөсүнөн чыга калган Дэу Матиз унаасын сүзүп алган. Жеңил унаанын айдоочусу ар кандай жаракаттарды алып ооруканага жеткирилди», — деп билдиришти милициядан.

Эң көп окулган жаңылыктар