02:53
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Баткенде мончо жана сарай толугу менен өрттөнүп кетти

Баткен облусуна караштуу Кызыл-Кыя шаарында мончо өрттөнүп кетти. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсыктан улам аянты 15 чарчы метр болгон мончо толугу менен күйгөн. Азыр өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

Ошондой эле аталган облуска караштуу Баткен районунун Кара-Бак айылындагы сарай толугу менен өрттөнүп кетти. Анда жалпы аянты 120 чарчы метр болгон сарай толугу менен жана 200 түк чөп күйгөн. Өрт электр зымдарынан улам келип чыккан.

Эң көп окулган жаңылыктар