Бишкекте жол кырсыгында 3 киши жабыркады. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кырсык бүгүн Орозбеков көчөсүндө саат эртең мененки 8:20да болгон.
«Volkswagen Passat» үлгүсүндөгү унаа «Мерседес» үлгсүндөгү унаа менен сүзүшүп, кесепетинен 2 айдоочу жана бир жүргүнчү жаракат алышкан.
«Жабырлануучулар ооруканага кайрылышты. Унаалар айып төлөөчү жайга токтотулду», -деп айтылат маалыматта.