15:48
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Нур-Султанда жатакана өрттөнүп, 350дөн ашык киши эвакуацияланды

Нур-Султан шаарында жатаканадан өрт чыгып, 20 киши, анын ичинде 14 бала ууланып, ооруканага кайрылды.

2-май күнү таңкы саат 10:30да Байкоңур районундагы беш кабаттуу жатаканадан өрт чыкканы тууралуу өрт кызматына билдирүү түшкөн. Куткаруучулар 32 кишини, анын ичинде 28 баланы өрттөнгөн имараттын ичинен алып чыккан. Жатаканадан 350 киши өз алдынча чыгууга үлгүргөн.

Өрт имараттын экинчи кабатындагы бөлмөлөрдүн биринде тутанган. Кырсыктын себептери иликтенүүдө.

Окуя болгон жерге шаардын акими Бахыт Султанов келип, жашоочуларга жардам берүүнү, үйдү текшерип чыгуу үчүн комиссия жөнөтүүнү тапшырды.

Эң көп окулган жаңылыктар