Кечээ Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районунун Ак-Терек тилкесинде тоонун боорунан жарака пайда болуп, 2 үйгө кооптуу абал жаралды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка караганда, жерине ӨКМдин адистери барышты.
Тактоо жана түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, кооптуу абал жаралган жердеги 2 үйдүн жашоочулары убактылуу туугандарынын үйүнө көчүрүлдү.