08:48
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Улуттук банктын музейинде Ачык эшик күнү өтөт

Эл аралык музей күнүнө карата Улуттук банктын музейинде Ачык эшик күнү өтөт. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 17-майда саат 10.00дөн 16.00гө чейин өтө турган иш-чарага баардык каалоочулар келе алат.

«Музейге келгендер улуттук валютанын өнүгүү тарыхы менен таанышып, банкнота кандай жасала тургандыгы жөнүндө маалымат ала алат. Аны менен катар Улуу Жибек жолу доорунан тартып Кыргызстандын аймагында табылган кайталангыс байыркы монеталар экспозициясын көрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Ошондой эле музейде Улуттук банк тарабынан 25 жыл ичинде чыгарылган коллекциялык монеталардын жана чет өлкө акча белгилеринин үлгүлөрүнүн экспозициялары жайгаштырылган», — деп жазылат маалыматта.

Музейге кирүү акысыз, ар бир жаран өздүгүн тастыктаган документи (паспорт, студенттик билет, айдоочунун күбөлүгү) болууга тийиш.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума