Кыргыз-казак чек арасындагы «Каркыра-унаа жолу» өткөрмө пункту 1-майдан тарта иштей баштайт. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, аталган пункт эртең мененки саат 08:00дөн кечки 18:00гө чейин дем алышсыз иштейт.
«Аталган өткөрмө жайдан жарандар менен жеңил унаалар өтө алышат. Ал эми жүк ташуучу унаалар өткөрүлбөйт», -деп айтылат маалыматта.
Эскерте кетсек, Ысык-Көлдүн Түп районунда жайгашкан өткөрмө пункт май-октябрь айлар арасында иштейт.