21:02
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Кыргызстан «Кыргызнефтегазды» орусиялык «Газпромго» сатууга милдеттүү эмес

Кыргызстан «Кыргызнефтегазды» орусиялык «Газпромго» сатууга милдеттүү эмес. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин отурумунда өкмөт башчы Мухаммедкалый Абыдгазиев айтты.

Анын билдиргенине караганда, «Кыргызнефтегаздын» заводу эскирди, технологиясы дагы эски. Ал эми аны жаңылоо үчүн каражат керек.

«Биз «Газпром» менен мемарандумга кол койгонбуз. Эгер парламент жактырса, анда мамиле уланат. Эгерде жактырбаса, жаңы инвесторлорду издеп баштайбыз. Бир гана инвестор менен иштейбиз деген чек жок», -деди өкмөт башчы.

Эске салсак, Орусиянын президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга болгон мамалекеттик иш сапары маалында, «Газпром» ачык акционердик мекемесинин төрагасы Алексей Миллер менен биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов «Кыргызнефтегаз» ААКнын мүлкүн жана активдерин алуу боюнча «Газпромдун» катышуусу тууралуу жол картасына кол коюшкан болчу.

Эң көп окулган жаңылыктар