Премьер-министр адилетсиз иштеген министрлерди кызматтан алды. Бул тууралуу Жогорку Кенештин отурумунда өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев айтты.
Анын билдиргени боюнча, бир жыл аралыгында кызмат ордунан 6 министр, 13 жетекчи, 13 райондун акимдери бошотулган.
«Биз өз кемчилигибизди моюнга алып, адилетсиз аткаминерлерден арылып жатабыз», -деди өкмөт башчы.