06:08
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

А. Малдыбаев атындагы опера жана балет театры кайрадан оңдоодон өтөт

А. Малдыбаев атындагы опера жана балет театры 15,1 миллион сомдук капиталдык ремонтко тендер жарыялады. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар порталы жазды.

Маалыматка ылайык, аталган суммага фойе, зал, кызматтык имарат, гримдөөчү жана тазалоочу бөлмөлөр оңдолот. Театрдын баардык кабаттарында электр жарыктары алмаштырылат.

Эске салсак, театрдын сыртын 2016-жылы оңдоп башташкан. Ага 26,1 миллион сом каралган.

Эң көп окулган жаңылыктар