07:53
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Эртең Бишкектин айрым аймактарында муздак суу берилбейт

Эртең Бишкектин айрым аймактарында муздак суу берилбейт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, «Батыш» суу тосмосунда оңдоо иштери болот. Саат 9дан кечки 5ке чейин Садыгалиев, Профсоюз, Фучик көчөлөрү жана темир жол аймактары менен чектеш жерлерде таза суу берилбейт.

Мэрия жарандардан таза сууну мол камдап алууну суранат.

Эң көп окулган жаңылыктар