17:14
USD 81.80
EUR 95.48
RUB 1.03

Порошенко кийинки шайлоодо жеңишке жетүү ниетинде экенин билдирди

Киевде Украина президентинин администрациясынын алдында Петр Порошенко жүргүзгөн реформаларга ыраазычылык иретинде «Рахмат, Петр» аталышындагы акция өттү.

Ага бир нече миң киши чогулду. Администрация кызматкерлери дарбазаны ачышты жана каалагандардын баары имаратка жакындоого мүмкүнчүлүк алышты. 

Петр Порошенко колдоо көрсөткөн тарапташтарына ыраазычылык билдирип, жакын арада алардын биримдиги «жаңы жеңиштерди камсыз кыларын» айтты.

«Парламенттик шайлоодо жеңишке жетишүү үчүн чогуу барабыз. Кийинки президенттик шайлоодо Банковая көчөсүнө кайрадан чогуу кайтып келебиз», — деди Порошенко. Банковая көчөсүндө Украина президентинин администрациясы жайгашкан.

Эң көп окулган жаңылыктар