09:08
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Украинада шайлоодо Владимир Зеленский көп добуш алды

Пётр Порошенко президенттик шайлоонун экинчи айлампасындагы атаандашы Владимир Зеленскийге телефон чалып, аны жеңиши менен куттуктады. Бул тууралуу Улуттук экзитполдун жыйынтыктары жарыялангандан кийин басма сөз жыйынын өткөргөн Зеленский билдирди.

Экзитпол маалыматтарына ылайык, Зеленский 73 пайыздан, Порошенко 25 пайыздан ашык добуш алды.
Мурдараак тарапташтарынын алдында сүйлөгөн Порошенко экзитполдун жыйынтыктары ишенимдүү экенин айтып, атаандашын жеңиши менен куттуктоого даяр экенин билдирген. Ал ошондой эле шайлоо адилеттүү жана ачык өткөнүн кошумчалаган.

Учурда добуштар саналып, болжолдуу маалыматтар өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясынын сайтына жарыяланууда.

Бюллетендердин 71 пайызы саналып бүткөндөн кийин Зеленский добуштардын 73,3 пайызын, Порошенко — 24,64 пайызын алды.

Акыркы маалыматтарга ылайык, добуш берүүгө шайлоочулардын 62 пайыздан ашыгы катышкан.

Улуттук экзитполдун маалыматына караганда, шоумен Владимир Зеленскийди Украинанын дээрлик бардык аймактары, анын ичинде батыш облустары дагы колдогон. Ал туулуп-өскөн Днепропетровск облусунда шайлоочулардын дээрлик 90 пайызынын колдоосуна ээ болгон. Порошенко өлкөнүн батышындагы эки облуста гана добуштардын көбүн алды. Добуш берүү аннексияланган Крымда жана Орусия колдогон жикчилдердин көзөмөлүндөгү Донбасстын райондорунда өткөрүлгөн жок.

Экзитполдун жыйынтыктары жарыялангандан кийин шайлоо штабында сүйлөгөн Зеленский үй-бүлөсү жана командасына ыраазычылык билдирди. Ал ошондой эле бардык постсоветтик өлкөлөргө кайрылып, аларды Украинадан үлгү алууга чакырды.

Эң көп окулган жаңылыктар