07:53
USD 80.63
EUR 95.45
RUB 1.05

Президент Ооганстандын министри менен Памирдеги кыргыздардын абалын талкуулады

Сооронбай Жээнбеков ооганстандын тышкы иштер министри Салахуддин Раббанини кабыл алды.

Мамлекет башчысы министрдин Кыргызстанга болгон алгачкы сапары кыргыз-афган кызматташтыгын бекемдеп, аны жаңы, сапаттуу деңгээлге көтөрөөрүнө ишенимин билдирди.

«Биз Афганистандын президенти Ашраф Ганини июнь айында Бишкекте өтө турчу ШКУга мүчө мамлекеттеринин жыйынында күтөбүз. Бизде «Алыскы туугандан жакынкы коңшу артык» деген сөз бар. Афганистан биз үчүн жакын коңшу, дос мамлекет жана ишенимдүү өнөктөш», — деп Сооронбай Жээнбеков Афганистан элин эгемендиктин 100 жылдыгы менен куттуктады.

Салахуддин Раббани тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков менен соода-экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссия түзүү боюнча макулдашууга кол коюлганын белгиледи.

«Биз эл аралык уюмдардын алкагында Кыргызстандын Афганистандын позицияларын колдогонуна ыраазычылык билдиребиз. Афганистан дагы дайыма Кыргызстандын позицияларын колдойт деп ишенсеңиздер болот», — деп белгиледи министр.

Президент Сооронбай Жээнбеков жана тышкы иштер министри Салахуддин Раббани ошондой эле аймакта коопсуздукту камсыздоо маселелерин, Афганистандагы этникалык кыргыздарды колдоо жана соода-экономикалык кызматташтыктын келечеги боюнча маселелерге токтолушту

Эң көп окулган жаңылыктар