Мурдакы президент Алмазбек Атамбаев 2010-жылдын 7-апрелинде каза болгондорго арнап курган мечити ачылды.
Аны ачуу аземине экс-президент менен бирге муфтий Максат Токтомушев, аалымдар кеңешинин мүчөсү Абдышүкүр Нарматов катышты.
Муфтий мечитти Абдышүкүр Нарматов жетектерин айтты.
«Бул мечит Атамбаевдики, же башканыкы эмес. Мечит- бул кудайдын үйү, мусулман каалаган жерине сыйына алат», — деди ал.