15:01
USD 87.45
EUR 101.53
RUB 1.12

Түркмөн бийлиги чет өлкөдө окуган студенттерин аскерге чакырууда

Ашхабад аскердик комиссариатынын кызматкерлери ата-энелерден чет өлкөдө окуган балдарын жоокердик милдетин өтөө үчүн өлкөгө кайтарууну талап кылышууда.

«Азаттыктын» түркмөн кызматы кабарлагандай, март айында шаардык аскер комиссариатынын кызматкерлери чет өлкөдө окуган студенттердин ата-энелерине чалып, балдарын токтоосуз түрдө Түркмөнстанга кайтарууну талап кылышты.

Түркмөнстанда аскерге кабыл алуу жылына эки жолу — май жана ноябрь айларында болот. Жоокердик милдетин өтөө мөөнөтү — эки жыл.

Жогорку окуу жайларында, анын ичинде чет өлкөдө окугандар аскерге чакыруудан убактылуу бошотулган жарандардын катарына киришет.

Эң көп окулган жаңылыктар