Бүгүн Бишкектин айрым көчөлөрүндө электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу «Түндүкэлектр» ишканасынан билдиришти.
Оңдоо иштерине байланыштуу жарык төмөнкү даректерде чектелет:
- 09:00-18:00 — Киев, Фучик, Трудовой, Кум-Арык, Январь, Интергельпо, Кайназарова, Патрис Лумумба, Арзамас, Дагестан, Муромск, Кривоносов, Циелковский көчөлөрүнүн бир бөлүгү, Дэн Сяопин проспектиси жана Луцкий туюк көчөсү. Ушул эле учурда «Арча-Бешик» (Ак-Шыйрак, Бадахшан, Жоогазын, Жазыйра, Безымянная көчөлөрү) конушу менен Чоң-Арык (Самойленко, Мост көчөлөрү) айылы;
- 09:30-14:00 — Москва, Гоголь, Сүйүмбаев, Бөкөнбаев, Осмонкул, Мечников, Күрөңкеев, Суворов көчөлөрүнүн бир бөлүгү жана Молдавский менен Балыкчы туюк көчөлөрү;
- 09:30-17:00 — Абакан көчөсүнүн бир бөлүгү жана «Ала-Тоо» (Макмал, Бельназар, Улук-Тоо, Баш-Темир, Терек-Сай, Ара-Көл, Боз-Бөлтөк көчөлөрү) конушу;
- 09:30-18:00 — Чүй проспектисиндеги № 52 турак үй, Ломоносов, Репин, Алыбаев көчөлөрүнүн бир бөлүгү, Кулатов, Логвиненко, Ош, Энтузиаст көчөлөрү жана Оренбург туюк көчөсү;
- 10:00-18:00 — «Алтын-Ордо», «Көк-Жар» (Арстанбап, Горький, Достоевский, Керемет, Кулмурзаев көчөлөрү) конуштары;
- 13:00-18:00 — Великолукский, Крым, Аул жана Свобода көчөлөрү.

