07:23
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Атамбаевдин резиденциядагы үйү түрк ишкери жана депутаттын акчасына салынган

Мурдакы президент Алмазбек Атамбаевдин мамлекеттик резиденциядагы үйү түрк ишкери Ахмет Кая, «Газпром», Жогорку Кеңештин депутаты Шаршенбек Абдыкеримовдун акчасына салынган. Бул тууралуу «Жаңы Ордо» гезити жазып чыкты.

Маалыматта, Алмазбек Атамбаев өзү үчүн курган үйгө 449 миң доллар, аялы 250 миң доллар бөлгөнү айтылат.

«Президенттин түрк досу Ахмет Кая 420 миң доллар, «АЮ холдинг» ишканасынын башчысы Шаршенбек Абдыкеримов 7 миллион сом, «Газпром Нефть Азия» 7 миллион сом берген», —деп жазат гезит. 

Белгилей кетсек, Алмазбек Атамбаев өзү үчүн мамлекеттик резиденциянын аймагында үй салдырган. Ага 89,5 миллион сом курулган. Атамбаев үйдү курууга достору жардам бергенин айтат. 

Эң көп окулган жаңылыктар