20:07
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Казакстандын жаңы президенти бойдок. Коңшулар өлкөнүн биринчи айымына кабатыр

Казакстандын президент Касым-Жоомарт Токоев учурда бойдок. Бул тууралуу казак сайттары жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, президенттин расмий өмүр таржымалында анын ажырашкандыгы айтылат. Учурдагы үй-бүлөлүк статусу жөнүндө маалымат берилбейт.

Анын мурдакы аялы Надежда Давыдовна Токоева социалдык тармактагы баракчасында жашаган жерин — Россия деп көрсөткөн. Экөөнүн ортосунда 1984-жылы туулган Тимур аттуу бир уулу бар. Касым-Жоомарт Токоевдин биографиясында дагы бир эле уулу бар экени кабарланат.

Казак оппозиционерлери Тимур Токаев Abi Petroleum Capital. мунайзат компаниясын башкарган миллионер экендигин айтышат.

Белгилей кетсек, Нурсултан Назарбаев дагы акыркы он жылдан ашык убакыттан бери аялы Сара Назарбаева менен расмий иш чараларга чогуу катышпай, чет өлкөгө сапарларга дагы чыкпай калган. Анын жаш токолдору жана уулдары боюнча узун кептер айтылып жүрөт.

Эң көп окулган жаңылыктар