00:42
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Бишкекте мыйзамсыз орнотулган жарнамалар боюнча 200дөн ашык эскертүү берилди

«Бишкекбашкыархитектура» ишканасы баннердик жарнама менен күрөшүүдө. Жылдын башынан бери мыйзымсыз түрдө орнотулан жарнама-маалыматтык конструкциялар боюнча 200дөн ашык эскертүү берилди. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди. 

Белгилей кетсек, Бишкек шаарынын тиешелүү кызматтары үзглтүксүз түрдө рейддерди өткөрүүдө.

«Бишкекбашкыархитектура» муниципалдык ишканасы эскертүүлөрдү берип, мыйзамсыз орнотулган жарнамалык баннерлерди чечүү иштерине активдүү түрдө катышууда. Бирок, учурда мыйзам бузуучуларды жоопко тартуу мүмкүн эмес, анткени, жарнама жайгаштыруу тууралуу тиешелүү бирдиктүү эрежелер али иштелип чыккан эмес.

Азыркы учурда, аталган ишкана атайын дизайн-коддун үстүндө иштеп жатат, тактап айтканда жарнаманы жайгаштыруу эрежелерин түзүү иштери жүрүүдө. Мындай тартипти Бишкек шаардык кеңешинин жайландыруу эрежелерине кошуу сунушталды.


Эң көп окулган жаңылыктар