Казакстандын парламенти Астананы Нурсултан деп өзгөртүү тууралуу мыйзамды жактырышты. Бул тууралуу Tengrinews.kz сайты жазды.
Маалыматка ылайык, Сенат жана Мажилис жаңы президент Касым-Жомарт Токаевдин сунушун колдошту.
«Сенаттын 43 депутаты макул деген жоопту беришти. Мажилистен 103 депутаттын баардыгы макул болушту», -деп жазылат маалыматта.
Эске салсак, бүгүн Казакстандын жаңы президенти Касым-Жомарт Токаев Астана шаарын Нурсултан кылып өзгөртүү сунушун киргизген.