USD87.45EUR98.13RUB1.03
24.kg

Аксы окуяларын эскерүү. Курман болгондордун элесине арналган музей ачылды

09:28, 18 марта 2019, Бишкек - 24.kg

Президент Сооронбай Жээнбеков кечээ Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районунун Кара-Суу айылында 2002-жылдагы Аксы окуяларында курман болгондордун элесине арналып курулган музейге жана жаңы курулган спортзалдын ачылышына барды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди. 

Мамлекет башчысы Жеңижок атындагы этнографиялык музейдин территориясында Аксы окуяларынын 10 жылдыгына карата 2012-жылы курулган музейди көрүп чыкты. Директор Урмат Назаров музейдин түзүлүшүнүн тарыхын айтып берип, экспонаттарга кыскача экскурсия жасады. Президент музейдин айланасындагы жерге бак отургузду. 

Ал ошондой эле жергиликтүү калктын колдоосу менен ашар ыкмасы менен курулган «17-март» спортзалынын ачылышына катышты.

Спортзалды курууну колдоо максатында, президенттин фондунан 1,5 миллион сом акча каражаты бөлүнүп берилди. Ачылыш аземинен кийин орто мектептин окуучулары Аксы окуялары боюнча кыскача театрлаштырылган оюн көрсөтүштү. 

Мамлекет башчысы жергиликтүү жашоочуларды спортзалдын ачылышы менен куттуктап, Аксы районунда башка аймактардагыдай эле социалдык объекттер курулуп жатканын эске салды.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика